05.10.20

Түркмөнстандын Лебап облусуна караштуу Халач районунда жайгашкан пахта буласын өндүргөн фабрикасы, жыл башынан бери 25 миллион манатка ($7 миллион) бааланган продукция өндүргөн. Анын ичинен 9 миллион манат ($2,5 миллион)  бааланган продукция экспортко чыгарылган. Бул тууралуу, 3-октябрь күнү “Türkmen gündogary”  электрондук маалымат порталы билдирди.

Маалымат порталынын билдиришинче, фабрика өндүргөн продукциялар Россия, Түркия жана  Польша өлкөлөрүндө чоң суроо талапка ээ болуп эсептелет.

Түркмөнстанда 2019-жылы $12 миллион долларга бааланган пахта буласы өндүрүлгөн болучу.

Азыркы учурда, өкмөт текстиль тармагын өнүктүрүүгө жана өндүрүлгөн продукцияны дүйнөлүк базарга алып чыгып сатуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Өлкөдө пахта буласынын негизги сырьёсу болуп эсептелген пахтаны өстүрүүнүн аянттары кеңейтилген.

2020-жылы пахта өстүрүүнүн аянттары  550 миң гектардан  620 миң  гектарга (1 миллион 250 миң тонна чийки пахта жыйнап алуу пландалган) чейин көбөйтүлгөн.

Эскерте кетсек, Түркмөнстандын Дашогуз облусунда жайгашкан пахта буласын өндүргөн фабрикасынын базасында, Италиялык “Cormatex Srl” компаниясынын жардамы менен жаңы өндүрүштүк линиясы курулмакчы.

https://zen.yandex.ru/media/id/5b56aea356f65d00a87f924f/turkmenskaia-hlopkopriadilnaia-fabrika-narastila-obemy-proizvodstva-5f7b08ee48a2900c433cbf03