27.10.20

Түркмөнстандын Түркиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Ишанкули Аманлыев 23-октябрь күнү, Анкара шаарына караштуу Кечиөрен аймактык муниципалитинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу, жергиликтүү “kecioren.bel.tr” маалымат кызматы жазып чыкты.

Көрүшмөнүн башталышында, тараптар эки бир тууган өлкөнүн өз ара карым-катнаштары тууралуу пикир алмашышты.

Эки тараптын өкүлдөрү, Түркия жана Түркмөнстандын шаарларынын ортосунда “Бир тууган шаар” форматындагы кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, тараптар Түркиянын “Эстергон” маданий борборунда, Түркмөн элинин улуттук тамак-ашын даярдаган ресторан ачууну жана улуттук баалуулуктарды таанытууга багытталган долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууну  макулдашышты.

Кечиөрен муниципалитети Анкара шаарындагы калкы жыш жайгашкан район гана эмес, бүтүн Түркиядагы элинин саны көп район болуп эсептелет. Кечиөрен районунда, 1 миллион калк жашайт.

Эскерте кетсек, “Бир тууган шаар” эл аралык программасы, 1956-жылдан бери ишмердүүлүгүн  жүргүзүп келет. Программанын негизги максаты, ар түрдүү өлкөлөрдүн шаарларында жашаган элдердин кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат. “Бир тууган шаар”  эл аралык программасы иштеп баштагандан бери, 1800 шаарлар жана 138 мамлекеттер өз ара кызматташууну жүргүзүшкөн.

https://centralasia.news/7846-turkmenistan-i-turcija-rassmotreli-partnerstvo-v-formate-gorodov-pobratimov.html