28.10.20

Италияга таандык “Cormatex SRL” компаниясы Түркмөнстанда, төөнүн жана эчкинин жүнүнөн жип ийрип чыгаруучу фабрика ачууну пландап жатат. Бул тууралуу,   “Turkmenportal” маалымат агенттиги билдирди.

Италияга таандык “Cormatex SRL” компаниясы жана Түркмөнстандын Текстиль жана өндүрүш министрлиги менен келишим түзүүгө уруксат берген жарлыкка, өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон.

Түзүлгөн келишимге ылайык, “Cormatex SRL” компаниясы, жүн ийрүүчү атайы жабдууларды сатып алып орнотуу жана жылына төөнүн жана эчкинин жүнүнөн 130 тонна жип өндүрүүнү ишке ашырмакчы. Жип ийриген фабрика, Байрамалий текстиль комплексинин аймагынан жер алмакчы.

Мындан тышкары, Италиялык компания келишимге ылайык бир нече милдеттенмелерди аткарууну өзүнө алмакчы. Аларга, “Дашогуз” пахтаны кайра иштетүүчү фабрикасын заманбап жабдуулар менен камсыздап берүү, жыгачтан мебель жасоого ыңгайлашкан материалдарды (кубаттуулугу жылына 7.200 тонна) чыгаруу милдетин дагы өзүнө алмакчы.

Түркмөнстандын президенти, Гурбангулы Бердымухамедов министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен болгон жыйын учурунда: “Жергиликтүү өндүрүшчүлөрүбүздүн продукциялары, экологиялык жактан жана талап кылынган баардык стандарттарга жооп бериши керек. Ал үчүн бүтүн текстиль ишканалары заманбап алдынкы жабдуулар менен камсыздалышы керек” – деп билдирген болучу.

https://centralasia.media/news:1657221