09.11.20

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн айыл чарба тармагынын жетишкендиктерине арналган жыйынтыктоочу жыйын өткөрдү.

Мамлекеттик басма сөз агенттигинин берген маалыматы боюнча, өлкөнүн Ахал, Балкан, Лебап, Марый жана Дашогуз облустарынын жетекчилери, мамлекет башчысына, дыйкандардын пахта өндүрүү боюнча, келишимди ийгиликтүү аткаргандыгын билдиришти.

Маалым болгондой, 2020-жылы өлкө боюнча дыйкандар мамлекетке 1 миллион 250 миң тонна пахта тапшырышкан.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов жыйын учурунда, айыл чарба тармагында эмгектенген баардык кызматкерлерди “Түшүм майрамы” менен куттуктап өттү.

https://centralasia.media/news:1660015