14.11.20

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ахал облусунун Гөкдепин районуна караштуу, Ызгант айылында жаңы ачылып жаткан инфекциялык оорукананын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу, 14-ноябрь күнү “Turkmenportal” маалымат агенттиги билдирди.

Оорукана 200 орундан туруп, бир эле учурда жаш балдарды жана чоң адамдарды дагы кабыл алууга жөндөмдүү. Бул оорукананын курулуш иштери 2018-жылы башталган болучу. Анын курулуш иштерин «Nusaý ýollary» курулуш компаниясы аягына чыгарган.

Берилген маалыматта, жаңы оорукананын курулушу жана медициналык жабдуулары баардык эл аралык стандарттарга жооп берет.

Үч кабаттуу ооруканада вирустук гепатит, жогорку дем алуу органдарынын инфекциялык ооруулары жана аба менен тараган өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорууларды дарылаган бөлүмдөрү бар. 

Стационар оорукананын экинчи жана үчүнчү кабаттарында жайгашкан. Мындан тышкары, ооруканада хирургия, реанимация, лаборатория, физиотерапия, диспансердик жана  акушердик бөлүмдөр дагы орун алган.

Оорукана Германия, Швеция, Италия, Франция, Япония, АКШ, Түштүк Корея, Нидерландия, Чехия, Англия жана Кытайда өндүрүлгөн заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган.

https://regnum.ru/news/polit/3115669.html