08.02.21

“Синьхуа” маалымат агенттигинин билдиришинче Кытай өлкөсү “Борбордук Азия-Кытай” газ кууру аркылуу, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 3,87 миллиард кубометрден ашык жаратылыш газын 2021-жылдын январь айынын ичинде сатып алган.

Январь айында, газ кууру аркылуу суткасына 153 миллион кубометр  көлөмдөгү көгүлтүр оту Кытайга жөнөтүлүп турган.

“Кытай-Борбордук Азия” газ кууру, Түркмөнстан жана Өзбекстандын чек арасынан башталып, Өзбекстан, Казакстандын аймагы аркылуу өтүп, Казакстан-Кытай чек арасында жайгашкан, Хоргос чек ара өткөрмө бекети аркылуу, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык округуна чейин созулат.

Эскерте кетсек, бул газ куурунун  жалпы узундугу 1,833 километр аралыкты түзөт. План боюнча газ куурунун кубаттуулугу жылына 60 миллиард кубометрди көгүлтүр отун өткөрүп турууга жетет. Аталган газ кууру 2009-жылы декабрь айында пайдаланууга берилген. Ишке берилген 11 жылдан ашуун убакыттан бери туруктуу жана коопсуз иштеп келе жатат.

Кытайдын газ менен алектенген “PipeChina West Pipeline” компаниянын маалыматы боюнча, “Кытай-Борбордук Азия” газ  куур аркылуу жаратылыш газынын импорту, өлкөдө жылына керектелген газдын 15% пайыздан ашыгын түзөт. Аталган газ кууру Кытайдын 500 миллион калкы бар 27 провинциясын жана  шаарларын көгүлтүр от менен камсыздап келет.

https://turkmenportal.com/blog/34189/v-yanvare-kitai-poluchil-iz-centralnoi-azii-svyshe-38-mlrd-kubometrov-gaza