18.05.21

Жаңы темир жол коридорун түзүү маселеси Түркмөнстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Ирандын темир жол башкармалыктарынын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын онлайн формат жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу, “Туркменистан: Золотой век” маалымат агенттиги билдирди.

Жолугушуу Кыргызстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (КСПП) демилгеси менен уюштурулган.

Жаңы темир жол коридору Түркмөнстан, Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Ирандын “Бандар-Аббас” деңиз портуна чейин темир жол аркылуу товар ташуусун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Адистердин айтымында, Орто Азия өлкөлөрүнө Кытайдан, Индиядан жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн Ирандын “Бандар-Аббас” деңиз порту аркылуу контейнер менен жүктөрдү ташып жеткирүү убактысы 45 күндөн 21 күнгө чейин кыскартуу мүмкүнчүлү бар.

Эксперттер Түркмөнстан ири транспорттук-логистикалык долбоорлорду түзүү жана өнүктүрүү боюнча бай тажрыйбага ээ экендигин  белгилешет. Буга чейин 2014-жылы “Казакстан - Түркмөнстан - Иран” эл аралык темир жол каттамы ачылган болучу. Анын негизинде “Кытай - Казакстан - Түркмөнстан - Иран”  жаңы темир жол маршрутту (узундугу 10 миң чакырымга жакын) түзүлгөн.  Бул жол азыркы учурда, Кытайдын чыгыш тарабынан Ирандын Перс булуңунда жайгашкан базарларына товарларды жогорку ылдамдыкта жеткирүүдө биринчи логистикалык каттам болуп саналат.

Жаңы коридордун эффективдүүлүгүн текшерүү үчүн Кыргызстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (КСПП) өкүлдөрү, бизнесмендерден   Кытайдан, Индиядан жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн, Кыргызстанга “Бендер-Аббас-Түркмөнстан-Өзбекстан-Кыргызстан” жаңы темир жол маршруту боюнча товар ташып келүүгө чакырышты.

https://turkmenportal.com/blog/36736/turkmenistan-prinyal-uchastie-v-obsuzhdenii-sozdaniya-novogo-zheleznodorozhnogo-koridora