18.05.21

Түркмөнстан жана Иран Каспий деңизинде жүк ташууну көбөйтүүну талкуулоо  үчүн жолугушуу уюштурушту.

Көрүшмө Түркмөнстандын "Türkmendeňizderýaýollary" (Түркмөнстан деңизи жана дарыя жолдору)   агенттигинин жана Ирандын Деңиз портторун бириктирген  уюмдун өкүлдөрүнүн ортосунда болуп өттү. Бул тууралуу, “Trend” маалымат басылмасы билдирди.

Жолугушуу учурунда, Түркмөнстандын “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз порту жана Ирандын “Амирабад”, “Новшахр” жана “Анзали” деңиз портторунун ортосундагы транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Тараптар эки өлкөнүн транспорт жана транзит тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин  баса белгилешти.

Белгилей кетсек, буга чейин Иран менен Түркмөнстан коронавирус пандемиясынан улам чек араларын убюактылуу жабышкан болучу. Бирок кийин тараптар кайрадан транспорттук какттамдарды активдештирүү маселелерин карашкан.

Буга чейин Түркмөнстан жана Иран эки өлкөнүн чек арасындагы “Сарахс” чек ара терминалы аркылуу соода ишин жандандырганы маалымдалган болучу.

Ошондой эле, буга чейин Түркмөнстан-Иран чек арасынын эки тарабында жайгашкан Сарахс шаарынын эки бөлүгүн бириктирген жаңы унаа көпүрөсү ачылган. Бул эки өлкөнүн ортосундагы автоунаа каттамдарын кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган экинчи долбоору болуп саналат.

https://www.trend.az/business/transport/3425293.html