26.09.21

Түркиялык “Gap Inşaat” курулуш компаниясы Ашхабад шаарында 400 орундуу “Эл аралык дарылоо жана калыбына келтирүү борборун” жана 250 орундуу “Эл аралык физиология илимий-клиникалык борборун” курат. Тиешелүү токтомго президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон. Бул тууралдуу,  Түркмөнстандын “Ватан” телеканалы билдирди.

Жаңы медициналык борбордун курулушу ушул жылдын октябрь айында башталат. Ал эми толугу менен ишке киргизүү 2024-жылдын октябрь айына пландалууда.

Мындан тышкары, компания Сапармурат Түркмөнбашы менен Атамурат Ниязов проспектисинин кесилишинде жайгашкан Ашхабад мериясы үчүн акысыз имарат куруп бермекчи.

Эскерте кетсек буга чейин Түркмөнстандын президенти  жана “Чалык Холдинг” компаниясынын жетекчиси эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашкан.

https://turkmenportal.com/blog/40015/tureckaya-gap-inshaat--poluchila-kontrakty-na-stroitelstvo-dvuh-medcentrov-v-ashhabade