15.10.21

Түркмөнстандын “Балкан” кеме куруу жана оңдоо заводунда 8100-5300 тонна жүк көтөрө ала турган жүк ташуучу кеменин курулушу башталмакчы.

Кеменин курулуш пландары тууралуу, Түркмөнстан өкмөтүнө караштуу Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамметхан Чакыев жыйын учурунда маалымат берди. Бул тууралуу, мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Анын айтымында, Түркмөнстанда биринчи кеменин курулушун эл аралык жүк ташуу менен алектенген “Хазар Логистик” жеке ишканасы ишке ашырмакчы.

Муну менен катар  жаңы жумуш орундары түзүлүп, ата мекендик адистерге бул багытта чет өлкөлүк өндүрүшчүлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк болорун белгиледи. Билдирүүнү угуп жатып, президент Гурбангулы Бердымухамедов бул өндүрүш өлкө үчүн принципиалдуу түрдө жаңы болгондугун жана ошондой эле ата мекендик кеме курууну өнүктүрүүнүн негизи боло турганын белгилеп өттү.

Заманбап технологияларды жана автоматташтырылган системаларды колдонуу менен заводдун технологиялык линиялары деңиз кемелерин курууга, ошондой эле техникалык тейлөөгө жана оңдоого мүмкүндүк болмокчу.

Мамлекет башчысы заводдун мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү колдонуу үчүн зарыл болгон иштерди талдоону жана анализ жүргүзүүнү, мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны кылдат изилдеп, колдонууну, ошондой эле коюлган пландарды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетти жумшоону тапшырды.

Эскерте кетсек, жаңы деңиз порту, ошондой эле Түркмөнбашы шаарындагы “Балкан” кеме верфи 2018-жылдын май айында пайдаланууга берилген. Анда маалымдалгандай, заводдун кубаттуулугу жылына 4-6 кеме курууга жана жылына 10 миң тонна болот иштетүүгө мүмкүндүк берет.

https://turkmenportal.com/blog/40518/v-turkmenistane-pristupyat--k-stroitelstvu-pervogo-suhogruza