20.10.21

Түркмөнстан 2021-жылдын алгачкы сегиз айында, Россияга 32 миң тонна күнөскана помидорун экспорттоду,  бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көптүк (92% пайыз) кылат.

Мындай көрсөткүч, Түркмөнстанды Россияга күнөскана помидорун экспорттогон өлкөлөрдүн  рейтингинде 4-орунду камсыз кылышына шарт түздү деп билдирет “EastFruit” аналитикалык платформасы.

Маалыматтарга караганда, Түркмөнстан өткөн жылдын ушул мезгилинде, Россияга күнөскана помидорун экспорттун дээрлик эки эсеге көбөйткөн. Ошентип, эки жылдын ичинде эле Түркмөнстан Россияга күнөскана помидорун экспорттоону төрт эсеге көбөйттү. Түркмөнстандан келген помидорлор Россиянын импортундагы үлүшү 2021-жылдын алгачкы 8 айында биринчи жолу 10% пайызга жетти.

Россиядан тышкары, Казакстан 2021-жылы түркмөн күнөсканасынын помидорлорун активдүү сатып алган. Бул өлкөгө помидор сатуу 73% пайызга көбөйүп, ушул жылдын январь-июль айларында 13 миң тоннага жетти.

Түркмөнстанда өндүрүлгөн помидорлордун биринчи партиялары 2021-жылы, Украина жана Беларусия өлкөлөрүнө дагы экспорттолгонун  белгилей кетүү керек.

Мындан тышкары, Түркмөнстандан күнөскана помидору Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөргө дагы экспорттолгон.

https://business.com.tm/ru/post/7740/turkmenistan%C4%B1n-rusyaya-domates-ihracat%C4%B1-iki-kat%C4%B1na-ch%C4%B1kt%C4%B1