26.10.21

Түркмөнстандын “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз портунун жана Азербайжандын “Баку” эл аралык деңиз соода портунун  өкүлдөрү 26-октябрь күнү онлайн форматында жолугушуу өткөрүштү.

Көрүшмөдө  Түркмөнстан жана Азербайжан деңиз порттору аркылуу контейнердик жүктөрдү ташуудагы порттордун иш-аракеттерин координациялоо жана “Түркмөнбашы-Баку-Поти” деңиз маршруту боюнча жүк ташууну талкуулашты.

Бул тууралуу, “Trend” маалымат агенттиги Түркмөнстандын Бакудагы элчилигине шилтеме берүү менен жазып чыктты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн деңиз порттору ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери дагы талкууланды. Жүк ташуу иштерин аткарууда, коронавирус пандемиясынын шартында деңиз портторунун санитардык-эпидемиологиялык, бажы жана чек ара кызматтарынын тыгыз кызматташуусунун маанилүүлүгү белгиленди.

Элчилик тараткан маалыматта: “Деңиз портторунун жетекчилери мындай оор шарттарда, Каспий аймагындагы өлкөлөрдүн тыгыз өз ара аракеттенүүсүн жана өз ара колдоо көрсөтүүсүн күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле пандемиянын фонунда оор шарттарга карабастан, транспорт коридорунун туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн  жүк ташуу иштерин үзгүлтүксүз улантуу зарылчылыгы белгиленди” - деп  маалымдалат.

Ошону менен бирге, Түркмөнстан жана Азербайжан үчүн географиялык жактан ыңгайлуу болгон транспорттук-транзиттик инфраструктураны өнүктүрүүнүн өзгөчө мааниси белгиленди.

Көрүшмө учурунда, тараптар эки өлкө ырааттуу түрдө өздөрүнүн транспорттук потенциалын жогорулатып, эл аралык экономикалык жана соода кызматташтыгын сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган, транспорт чөйрөсүндө ири эл аралык жана аймактык долбоорлорду демилгелеп, ишке ашырууну макулдашышты.

Эскерте кетсек, Түркмөнстан жана Азербайжандын деңиз портторунун онлайн жолугушуусу Түркмөнстандын Бакудагы элчилигинин демилгеси  менен болуп өттү.

https://business.com.tm/ru/post/7769/morskie-porty-turkmenistana-i-azerbaidzhana-obsudili-vzaimodeistviya-v-gruzoperevozkah