04.11.21

Европанын жаратылыш газга болгон суроо-талабына жараша, Азербайжан Түркмөнстандын көгүлтүр отун батышка  экспорттоо үчүн Транскаспий газ куурун колдонушу мүмкүн. Бул тууралуу, Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов шаршемби күнү Бакуда “Bloomberg” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Парвиз Шахбазов: “Бул үчүн биз сатып алуучулар менен сатуучулардын ортосунда жаңы келишимдерди түзүшүбүз керек” – деп билдирди.  Ал ошондой эле, Чыгыш жана Түштүк Европанын мамлекеттери жана компаниялары, Азербайжандан газ сатып алууга кызыкдар экенин билдирди.

Табигый газдын баасы быйыл рекорддук деңгээлге көтөрүлдү, ал эми Европа бул жылы кыш мезгилине акыркы он жылдагы эң төмөнкү запасы менен кирди, деп билдирет “Bloomberg” маалымат агенттиги.

Министри Парвиз Шахбазов: “Биз учурда потенциалдуу сатып алуучулар менен байланышып турабыз. Келечекте газ сатуу боюнча жаңы келишимдерди түзүү ыктымалдыгы бир топ жогору”, - деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Азербайжан 2020-жылдын декабрь айында “British Petroleum” компаниясынын жетекчилиги менен “Шах-Деңиз” кенинен 33 миллиард долларга бааланган көгүлтүр отту, Түштүк газ коридору аркылуу Европага экспорттой баштаган.

Газ менен камсыздоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү келерки жылдын башында “ЮГК”  Консультативдик кеңешинин жылдык жыйынында каралмакчы. Бул платформа 20 жакын өлкөнүн компанияларын жана өкмөттөрүн бириктирген уюм болуп саналат.

Түркмөнстан Каспий аймагындагы эң ири газ ресурстарынын ээлеринин бири жана жаратылыш газынын запасы боюнча дүйнөдө 4-орунда турат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айында, Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов жана анын азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосунда, Каспий деңизиндеги “Достлук” кениндеги көмүр суутек ресурстарын биргелешип чалгындоо жана иштетүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.

https://business.com.tm/ru/post/7808/azerbaidzhan-mozhet-podderzhat-transkaspiiskii-gazoprovod-dlya-eksporta-turkmenskogo-gaza