28.10.21

Ашхабад-Түркменабат шаарларынын ортосунда 29-октябрь күнү, жогорку ылдамдыктагы автомобиль жолунун бир бөлүгү болгон “Ашхабад-Теджен” автомобиль жолунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралу, Түркмөнстандын “Ватан” телеканалы билдирди.

Эске салсак, баасы 2 миллиард 300 миллион долларга бааланган “Ашхабад-Түркмөнабат” автомобиль жолунун курулушу 2019-жылдын 24-январында башталган. Аны “Türkmen Awtoban” жабык акционердик коому ишке ашырган.

Узундугу 600 километр болгон “Ашхабад-Түркмөнабат” жогорку ылдамдыктагы автомобиль жолунун курулушу үч этапта ишке ашырылууда. Анын курулушуна 3,500 жакын куруучулар, 2,200 ашык атайын техника жана автотранспорттор катышууда.

Магистраль сегиз тилкелүү болуп, эки тарабында үч негизги жана бирден кошумча тилкелүү болмокчу. Ал эми жол тилкесинин туурасы 35 метрди түзөт.

Ошондой эле автомобиль жолунун боюнда борбордук кыймылды башкаруу станциясы жана 4 эс алуу зонасы, дарыяларды кесип өтүүчү 4 көпүрө, темир жол аркылуу 4 көпүрө, башка автомагистральдар менен кесилишкен жерлерге 22 көпүрө куруу жана ошондой эле 76 жер астындагы жөө жүргүнчү өтмөктөрү, мындан тышкары жаныбарлар үчүн атайын өтмөктөр, суу каналдарынын үстүндөгү суу коллекторлору жана дагы башка объекттерди куруу пландаштырылууда.

Ошондой эле, жогорку ылдамдыктагы каттамды керектүү тейлөө үчүн 10 станцияны куруу пландаштырылууда.

Буга чейин маалымдалгандай, долбоор 2023-жылга чейин толук бүтүшү керек.

Келечекте, Түркмөнстандын борбору менен чыгыш аймагын бириктире турган автомагистраль, өлкөнүн автомобиль жол системасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана натыйжалуулугун бир топ жогорулатмакчы жана ошондой эле эл аралык транспорттук-транзиттик инфраструктураны жана Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкан коңшу мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүсүнө жол ачмакчы.  

 https://turkmenportal.com/blog/40885/v-turkmenistane-otkroetsya-pervyi-etap-avtobana-stoimostyu-bolee-2-mlrd