13.11.21

Стамбул шаарында 12-ноябрь күнү, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу болуп өттү. Түркмөнстандын башчысы Стамбулга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк кеңеши) мамлекет башчыларынын VIII саммитине катышуу үчүн иш сапары менен келген.

Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары кабарлагандай, кызматташтыктын абалы жана келечеги боюнча пикир алмашкандан кийин, эки өлкөнүн башчылары өз ара кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөөгө тараптар даяр экендигин ырасташты.

Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын катарында соода-экономикалык, энергетика, өнөр жай сектору, транспорт жана коммуникациялар, курулуш индустриясы жана башка бир катар тармактар ​​бар экендиги белгиленди.

Жолугушууда Түркмөнстан менен Түркиянын мамлекет башчылары регионалдык жана глобалдык маселелердин актуалдуу суроолору боюнча да пикир алышып, тараптардын эл аралык уюмдардын алкагында конструктивдүү өнөктөштүктү улантуу ниетин баса белгилешти.

Мындан тышкары, президенттер Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын VIII саммитинин күн тартибин талкуулашты. Ошондой эле, Түркмөнистандын бул уюмга байкоочу статусунда кирүү чечими, кеңири чөйрөдө мамлекеттер аралык эффективдүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.

Жолугушуунун соңунда, өлкө башчылары Гурбангулы Бердымухамедов жана Режеп Тайып Эрдоган эки өлкөнүн кызматташтыгын толук масштабдуу өнүктүрүүнү колдой тургандыктарын ырасташты.

https://business.com.tm/ru/post/7849/v-stambule-sostoyalas-vstrecha-prezidentov-turkmenistana-i-turcii