13.11.21

Түркмөнстандын Казакстандагы элчиси Батыр Режепов 12-ноябрь күнү, Казакстандын алдыңкы логистикалык компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкөнүн транспорт-логистика тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Бул тууралуу, Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга “Астық Транс”, “Искомтранс”, “Semurg Invest”, “АО KTZ Express”, “Биринчи мультимодальдык компания”, “Транс Логистик Груп”, ошондой эле Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Батыр Режепов Түркмөнстандын транспорттук логистика тармагындагы акыркы жетишкендиктери, анын ичинде “Ашхабад-Түркмөнабат” жогорку ылдамдыктагы автомагистралынын бир бөлүгү “Ашхабад-Тежен” участогун ишке киргендиги тууралуу маалымат берди.

Катышуучуларга ошондой эле Түркмөнбашы эл аралык деңиз портунун, “Türkmenawtoulaglary”, “Türkmendemirýollary” и “Türkmenhowaýollary” агенттиктеринин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Өз кезегинде казакстандык логистикалык компаниялардын өкүлдөрү, транзиттик жүктөр боюнча маалымат алмашууда кызматташууну күчөтүүнү сунуштап, Түркмөнстандык кесиптештери менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эскерте кетсек, ушул жылдын октябрь айынын аягында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик расмий иш сапары менен Түркмөнстанга келген болучу. Мамлекеттик расмий иш сапарынын алкагында, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол коюлган.

https://business.com.tm/ru/post/7848/obsuzhdeny-perspektivy-razvitiya-turkmenokazahskogo-transportnogo-sotrudnichestva