18.11.21

Шаршембиде Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусунда, Ахал облусунун (вилаят) Бабадайхан районунда (этрап) жылына 5 миң тонна пахтаны кайра иштетүүгө эсептелген жаңы текстиль фабрикасынын ачылыш аземи болуп өттү.

Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары кабарлагандай, иш-чарага Межлистин төрагасы Милли Генгеш, ошондой эле вице-премьерлер, аскердик жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, министрликтердин жана тармактык ведомстволордун жетекчилери, Ахал велаятынын акими, коомдук уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле, онлайн режиминдеги салтанттуу иш чарага Бельгиядан, Япониядан, Германиядан, Швейцариядан жана Стандартташтыруу боюнча Эл аралык уюмдун (ISO) текстиль машиналарын чыгаруучу компанияларынын өкүлдөрү катышты. Компаниялардын өкүлдөрү мамлекет башчысын текстиль комплексинде бир катар сертификаттарды алышы менен куттукташты.

Бабадайхан текстиль комплекси төрт өндүрүш имаратын камтыйт. Баасы 151 миллион 800 миң долларын түзгөн жаңы мекеменин түзүмүндө ийрүү, боёк, тигүү жана токуу фабрикалары бар.

Ал эми комплекстин жалпы аянты 20 гектарды түзөт. Бул жерде өндүрүштүк жайлардан тышкары, жумушчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эки кабаттуу административдик имарат, өндүрүш кампалары, трансформатордук станция, цех, өрт коопсуздугу имараттары  курулган.

Жеткиликтүү шартта жумушчулардын иштөөсү үчүн жана эс алуусу үчүн 450 орундук ашкана, спорттук аянтча, 16 орундук эки кабаттуу эки мейманкана курулду.

Белгилүү болгондой, 2018-жылдын май айында президент Гурбангулы Бердымухамедовдун кабыл алган токтомуна ылайык Бабадайхан районунда жаңы текстиль комплексинин курулушу башталган. Бул комплекс “Түркмөнстандын президентинин 2018-2024-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын” алкагында курулган.

https://business.com.tm/ru/post/7867/v-turkmenistane-otkrylsya-tekstilnyi-kompleks-po-pererabotke-5000-tonn-hlopka