19.11.21

Бейшемби күнү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаровду кабыл алды. Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары кабарлагандай, жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында, мамлекеттер аралык кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин талкуулашты. Эки тараптуу жана көп тараптуу форматта түзүлгөн жемиштүү байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды.

Саясий, соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү мамлекеттер аралык кызматташуунун стратегиялык мүнөзүн баса белгилөө менен катар, президент Гурбангулы Бердымухамедов жана Микаил Жаббаров “Түркмөнстан-Азербайжан” өкмөттөр аралык комиссиясынын ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле, өз ара инвестициялар жемиштүү өнөктөштүктү кеңейтүүнүн факторлорунун бири экени белгиленди.

Мындан тышкары тараптар, ишкердик ишмердүүлүк үчүн тийиштүү экономикалык, финансылык жана укуктук шарттарды камсыз кылууну, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого көмөктөшүүчү форумдарды уюштурууну улантуу зарылдыгын баса белгилешти.

Талкуунун жүрүшүндө, Түркмөнстан менен Азербайжандын улуттук экономикалары үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон энергетика тармагындагы өз ара кызматташуу маселелери да каралды. Түркмөнстандын өлкө башчысы жана Азербайжандын экономика министри бул тармакты өнүктүрүү эки мамлекет үчүн атыкчылыктуу багыт экенин жана кызматташууну мындан ары арттырууну баса белгилешти.

Жолугушуунун соңунда президент Гурбангулы Бердымухамедов жана министр Микаил Жаббаров мамлекеттер аралык мамилелер мындан ары да бекемделерине ишеним билдиришти.

https://business.com.tm/ru/post/7873/glava-turkmenistana-i-ministr-ekonomiki-azerbaidzhana-obsudili-svyazi-v-energetike