20.11.21

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 19-сентябрь күнү “Garagum” мейманкананын ачылыш аземинин алкагында, өкмөт мүчөлөрү жана Түркиялык “Rönesans Holding” компаниясынын төрагасы Эрман Ылыджак менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Көрүшмөдө өлкөдө жаңы электр станцияларын куруу жана бул багыттагы биргелешкен иштердин аткарылышы талкууланды.

Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары билдиргендей, “Rönesans Holding” компаниянын төрагасы жагымдуу инвестициялык климат жана жемиштүү иштөө  үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгүн жана Түркмөнстандын бизнес өнөктөшү болуу чоң сыймык экенин билдирген.

Эрман Ылыджак Түркмөнстандын президентине,  компаниясынын өлкөдөгү ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип жатып, Түркмөнстандын энергетика тармагын өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле “Rönesans Holding” компаниясынын Түркмөнстан менен узак мөөнөттүү негизде өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин ырастады.

Түркмөнстандын мамлекет башчысы өз кезегинде, чет элдик өнөктөштөр, анын ичинде Түркиялык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жемиштүү кызматташуу үчүн ар дайым ачык экенин белгиледи.

“Rönesans Holding” компаниясы Япониялык өнөктөштөрү менен биргеликте, Мары облусунда “Marykarbamid” заводун куруу долбоорлорун ишке ашырууга катышкан. Ошондой эле аталган компания Ахал облусунда жаратылыш газынан бензин өндүргөн завод жана Лебап районунда электр станциясын курууга катышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Түркмөнстанда сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көлөмүн көбөйтүү, сууну тузсуздандыруучу заводдорду курууда илимдин алдыңкы жетишкендиктерин натыйжалуу пайдалануу боюнча алдыга коюлган милдеттерди аткаруу жана түркиялык өнөктөштөрдүн бул иштерди ишке ашырууга катышуусуна байланыштуу маселелер талкууланды.

https://business.com.tm/ru/post/7877/ronesans-mozhet-prinyat-uchastie-v-stroitelstve-v-turkmenistane-novyh-elektrostancii