27.11.21

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 26-ноябрь күнү Азербайжандын Экономика министри Жаббаров Микаил Чыңгыз Оглун кабыл алды. Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасалды. Бул тууралуу Түркмөнстандык расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Көрүшмө учурунда, Түркмөнстандын президенти эки өлкөнүн жаратылыш ресурстарына бай мамлекеттер экенин жана өндүрүүчүлөрдүн, транзиттик өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен паритеттүү негизде рынокко чыгуусун диверсификациялоону колдой тургандыгын билдирди.

Ошондой эле аймакта жайгашкан өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, эки өлкөнүн граждандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча энергетикалык долбоорлорду мындан ары биргелешип иштеп чыгуу жана ишке ашыруу керек экендигин белгилеп өттү.

Гурбангулы Бердымухамедов  Борбор Азиядагы транспорттук-коммуникациялык тармагын өнүктүрүүнүн келечеги жана анын эл аралык транспорттук инфраструктурага эффективдүү интеграция болуусуна дагы токтолду. Ошодой эле жаңы транспорт коридорлорун түзүү боюнча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу керек экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда, Азербайжандын Экономика министри президент Гурбангулы Бердымухамедовго, салттуу боордоштук жана жакшы коңшулук мамилелер  уланаарына бекем ишенимин билдирди. Мындан тышкары, Жаббаров Микаил Чыңгыз Оглу бүткүл Түркмөнстандын элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү жана учурда жасалып жаткан фундаменталдуу реформалардын ийгиликтүү ишке ашып кетүүсүн каалады.

https://business.com.tm/ru/post/7907/gurbanguly-berdymuhamedov-prinyal-ministra-ekonomiki-azerbaidzhana