27.11.21

Түркия  Түркмөнстан менен активдүү кызматташууну жактайт. Бул тууралуу Түркияныны президенти Режеп Тайып Эрдоган 27-ноябрь күнү, Ашхабадда Түркмөнстандын  мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен болгон көрүшмөнүн жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйыны учурунда  билдирди.

Түркиянын президенти түркмөн элин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Ошондой эле, Режеп Тайып Эрдоган Түркия Түркмөнстандын эгемендигин тааныган жана Ашхабадда элчилигин ачкан биринчи өлкө болгонун эскерип өттү. Ошондой эле Түркия Түркмөнстандын бейтараптык макамын жигердүү колдоону улантарын билдирди.

Режеп Тайып Эрдоган: “Биз ошондой эле боордош Түркмөнстандын Түрк мамлекеттери уюмуна байкоочу статусуна ээ болушун кубаттайбыз”, - деп белгиледи.

Түркиянын мамлекет башчысы, Ашхабаддагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн жылына 5 миллиард долларга жеткирүү боюнча макулдашууга жетишилгенин белгиледи.

Мындан тышкары, Режеп Тайып Эрдоган эки өлкө автомобиль жана аба транспорту, ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Түркияныны мамлекет башчысы учурдагы сапардын жыйынтыгы эки өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кылат деген үмүтүн билдирди. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов президент Режеп Тайып Эрдоганды Түркмөнстандын мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлады.

Ал эми, Режеп Тайып Эрдоган сыйлыкты Түркия менен Түркмөнстандын ортосундагы мамилелердин өнүгүп баратканынын көрсөткүчү деп атады. Эскерте кетсек, 27-ноябрь күнү эки өлкөнүн лидерлери  9 пункттан турган биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Ошондой эле, мамлекет башчыларынын катышуусунда 8 документке, анын ичинде дипломатия жана билим берүү тармагындагы кызматташууга кол коюлган.

https://www.aa.com.tr/