29.11.21

Ашхабад шаарында 28-ноябрь күнү өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун  (ЭКУ) 15-саммитинин жүрүшүндө, Ирандын президенти Эбрахим Раиси жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин, жана ошондой эле Түркмөнстандын, Ирандын Азербайжандын газ департаменттеринин жетекчилери жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту.

Келишимдин шарттарына ылайык, Түркмөнстан-Иран чек арасы аркылуу күн сайын 5 миллион куб метрге жакын түркмөн газын өткөрүү пландалууда. Өз кезегинде Иран үч тараптуу келишимдин негизинде өндүргөн газын Азербайжанга бермекчи. Бул тууралуу “IRNA” маалымат агенттиги билдирди.

Алгачкы келишимге ылайык, түркмөн жаратылыш газын алмашуунун жалпы көлөмү 1,2 миллиарддан 2 миллиард куб метрге чейин болмокчу. Келишим 25-декабрда күчүнө кирмекчи, ал эми келишимдин мөөнөтү бекитиле элек. Бул келишимдин негизинде,  Иран өзүнүн провинцияларынын бир бөлүгүн газ менен камсыздай алат. Ал эми Түркмөнстан бул алмашуу вариантын колдонуп, өзү өндүргөн газын Европага сатмакчы.

Эскерте кетсек, Түркмөнстанда Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) саммити учурунда, уюмдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу иш-чаралар өткөрүлүп жана мындан аркы анын стратегиясы талкууланып, бир катар келишимдерге жана макулдашууларга кол коюлган.

https://sng.today/ashkhabad/20136-turkmenistan-iran-azerbajdzhan-dogovorilis-o-postavkah-prirodnogo-gaza.html