12.01.22

Түркмөнстан Казакстанга жаратылыш газын жана электр энергиясын экспорттоого даяр. Бул тууралуу Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Рашид Мередов Түрк мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин Казакстандагы кырдаал тууралуу уюштурулган онлайн жыйынында билдирди.

Ошондой эле “turkmenistan.ru” кабар агенттиги билдиргендей, Рашид Мередов аталган жыйында сөз сүйлөп жатып, 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбулда болуп өткөн Түрк мамлекеттеринин саммитинин маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү.

Рашид Мередов акыркы кырдаалдагы Казакстанда болуп өткөн окуяларга токтолуу менен катар, Түркмөнстан Казакстандагы кырдаалдын тезирээк жөнгө салынышына ошондой эле мындан аркы туруктуу коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кызыкдар экенин өзгөчө белгиледи. Муну менен катар Рашид Мередов Түркмөнстан үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап Казакстанга жаратылыш газын экспорттоону баштоого даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, Түркмөнстан бир тууган Казакстанды керектүү көлөмдөгү электр энергиясы менен камсыз кылууга даяр экенин да кошумчалады.

https://centralasia.media/news:1755818