01.26.22

Түркмөнстан “Түркмөнстан-Кытай төртүнчү” газ куурун куруу аркылуу, Кытайга жаратылыш газын экспортунун көлөмүн көбөйтүү маселелерин олуттуу талкуулоого даяр. Бул тууралуу, президент Гурбангулы Бердымухамедов шейшемби күнү, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган онлайн саммитте билдирди.

Ошондой эле, Кытай лидери Си Цзиньпиндин демилгеси менен уюштурулган саммитке, Борбор Азия чөлкөмүнүн башка мамлекеттеринин башчылары Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы мамилелерде отун-энергетикалык комплекстин маанисин баса белгилеген, Түркмөнстандын лидери 2009-жылдын аягында, Казакстан менен Өзбекстандын аймактары аркылуу өткөн “Түркмөнстан-Кытай” стратегиялык газ куурунун курулушу жана ишке берилишин белгилеп өттү.

Гурбангулы Бердымухамедов: “Менин оюмча, биз энергетикалык өнөктөштүктү кеңейтүү жана бекемдөө жолу менен алдыга жылышыбыз керек. Ушуга байланыштуу “Түркмөнстан-Кытай төртүнчү” газ куурун куруу менен жаратылыш газын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү маселелерин олуттуу талкуулоого биз даярбыз”,-деп билдирди.

Түркмөн лидеринин сунуштары үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай лидери Си Цзиньпин  “Түркмөнстан-Кытай төртүнчү” газ куруу аркылуу Кытайга жаратылыш газынын көлөмүн көбөйтүү боюнча биргелешкен пландарды эске алуу менен отун-энергетика тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.  Ошондой эле энергетика жана экономиканын башка тармактарында натыйжалуу кызматташуу ийгиликтүү улана берерине ишенээрин билдирди.

Саммиттин жүрүшүндө, Кытай лидери Си Цзиньпин  Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен соодасын 2030-жылга чейин 70 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатканын билдирди.

https://business.com.tm/ru/post/8163/turkmenistan-gotov-rassmotret-uvelichenie-postavok-prirodnogo-gaza-v-kitai