28.01.22

Түркмөнстандын “Ulag-logistika merkezi” (TULM) компаниясы, Түркиянын Афганистанга бере турган 750 тонна гуманитардык жардамын жөнөтүүгө жардам берет. Бейшемби күнү Түркиянын борбору Анкарадан 750 тонна гуманитардык жүк салынган 47 вагондук атайын поезд Афганистанга  жөнөп кетти.

Бейшемби күнү “Ulag-logistika merkezi” (TULM) компаниясынын өкүлү “Business Turkmenistan” агенттигине берген маалыматында, жөнөтүлгөн поезд “Иран-Түркмөнстан” темир жолу аркылуу февралдын башында, Түркмөнстандын Этрек станциясына келет. Станцияда “TULM” компаниясы Түркиядан келген жүктөрдү өздөрүнүн  вагондоруна жүктөп, Афганистандын Тургунди темир жол станциясына жеткирип барат. Жалпысынан Түркиядан чыккан гуманитардык жүк 4,200 километр аралыкты басып өтүп, 16 күндө Афганистанга жетип келери күтүлүүдө.

Түркиянын Анадолу маалымат агенттигинин маалыматына караганда, 11 кайрымдуулук уюму чогулткан азык-түлүк, кийим-кечек, жууркан жана медициналык каражаттарды бөлүштүрүү Түркия өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана чара көрүү башкармалыгы (AFAD) тарабынан координацияланды.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Түркмөнстандын “Ulag-logistika merkezi” (TULM)  компаниясы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Афганистанга багытталган 3,500 тонна унду, Түркмөнстандын аймагы аркылуу темир жол аркылуу ташууга жардам берген.

https://business.com.tm/ru/post/8173/tulm-aktivno-uchastvuet-v-dostavke-tureckoi-gumanitarnoi-pomoshchi-v-afganistan