28.01.22

Түркмөнстан жана Азербайжан жакынкы келечекте, Каспий деңизиндеги “Достлуг” мунай кенинин көмүр суутек ресурстарын биргелешип чалгындоо жана иштетүү боюнча өкмөттөр аралык меморандумдун алкагында биргелешкен Азербайжан-Түркмөнстан эксперттик тобунун кезектеги жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Бул тууралуу, бейшемби күнү Азербайжандын Энергетика министрлигине шилтеме берүү менен “Интерфакс-Азербайжан” маалымат агенттиги билдирди.

Бейшемби күнү “Достлуг” долбоору боюнча меморандумдун алкагында иш алып барган эки өлкөнүн жумушчу тобунун 4-жыйыны видеоконференция форматында өттү. Жыйынга Азербайжандын энергетика министри Парвиз Шахбазов жана “Түркмөнгаз” мамлекеттик концернинин төрагасы Батыр Аманов төрагалык кылышты.

Көрүшмө учурунда тараптар, бул долбоор боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн жана аны ишке ашыруунун эки өлкө үчүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында, жумушчу топтун алкагында түзүлгөн биргелешкен эксперттик топтун кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүү чечими кабыл алынды.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирүүсүндө тараптардын “Дослук” мунай кени боюнча биргелешкен келишимдин тиешелүү тиркемелери боюнча да тез арада макулдашууга жетишкени айтылат.

Маалыматка ылайык, эксперттик топко потенциалдуу инвестордун кызыкчылыгын коргогон тиешелүү документтердин долбоорлорун даярдоо жана макулдашуу боюнча ишти активдештирүү тапшырылды.

Эксперттердин эсеби боюнча, “Достлуг” кенинин кору болжол менен 60 миллион тонна нефть жана 100 миллиард кубометр жаратылыш газына барабар.

“Достлуг” кенинин углеводороддук ресурстары тараптардын ортосунда 30% пайыз (Азербайжан) жана 70% пайыз (Түркмөнстан) өлчөмүндө  бөлүштүрүлөт деп күтүлүүдө.

https://business.com.tm/ru/post/8174/turkmenskie-i-azerbaidzhanskie-eksperty-vstretyatsya-po-proektu-dostlug