29.01.22

2022-жылдын 30-январь жана 4-февраль  күндөрү аралыгында, Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары биргелешкен энергетикалык долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Пакистандын борбору Исламабадга иш сапары менен барат.

Тиешелүү буйрукка Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жума күнү министрлер кабинетинин отурумунда кол койгон.

Документке ылайык, жумушчу сапарынын алкагында, Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары Пакистандын тиешелүү расмий өкүлдөрү менен “Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия” газ куурунун жана “Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан” электр өткөргүч линиясынын долбоорлору боюнча комплекстүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Учурда Түркмөнстан жана Пакистан “ТАПИ” газ кууру жана электр энергиясынын линияларын (ТОП) куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда.

https://business.com.tm/ru/post/8179/ashhabad-i-islamabad-provedut-peregovory-po-sovmestnym-energeticheskim-proektam