04.02.22

Татарстан Республикасынын Казань шаарында “Түркмөн соода үйү” иштеп баштаганын, Түркмөнстандын Казань шаарындагы башкы консулдугу бейшемби күнү билдирди.

Түркмөнстандын Соода жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин, «Türkmendaşarysöwda» мамлекеттик ишканасынын өкүлү, “Түркмөн соода үйүн” ыйгарым укуктуу  өкүлү Б.А.Артыков,  Түркмөнстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун жардамы менен Татарстандын Инвестицияларды өнүктүрүү агенттигинин башчылары менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө, өз ара пайдалуу соода мамилелерин түзүү маселелери талкууланды.

“Түркмөн соода үйү”  дүң жана майда дүң сатып алуучулар, товар өндүрүүчүлөр, товар бөлүштүрүү жана сатуу менен алектенген коммерциялык түзүмдөр менен иштешүүгө багытталган. Компаниянын коммерциялык ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири, Түркмөнстанда сатылуучу текстиль, трикотаж жана тигүү буюмдарынын ассортиментин кеңейтүү болуп саналат.

Ишкана алгачкы күндөрдөн тартып эле, Түркмөнстандын эң заманбап технологиялары жана жабдуулары менен жабдылган жана эл аралык стандарттарга жооп берген алдыңкы заводдордон өндүрүлгөн товарларды Казань шаарына түз жеткирүүнү максат кылып койгон. “Түркмөн соода үйү” өткөн жылдын март айында, Казань шаарында  каттоодон өткөн болучу.

 

https://business.com.tm/ru/post/8205/kompaniya-turkmenskii-dom-torgovli-nachala-deyatelnost-v-kazani