03.15.22

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шейшемби күнү Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Сердар Бердымухамедов 72,97% пайыз добуш менен жеңип чыкканын билдирди.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматта: “Түркмөнстандын шайлоо кодексинин 76-беренесине ылайык жана Борбордук шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 14-мартындагы чечиминин негизинде 72,97% пайыз добуш алган, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Гурбангулиевич Бердымухамедов шайланды. Түркмөнстандын шайланган президенти деп таанылды”, - деп айтылат.

12-мартта өлкө боюнча катталган 3,4 миллионго жакын шайлоочу добуш берди. Добуш берүүгө 97,17% пайыз шайлоочу катышты.

Президенттик жарышка жалпысынан тогуз талапкер катышып, алардын сегизи 1,08% пайыздан 11,09% пайызга чейин добуш алды.

Түркмөнстандын жаңы шайланган президентинин инаугурациясынын салтанаттуу аземи ушул жылдын 19-мартында “Огузжан сарай” комплексинде өтөт.

https://business.com.tm/en/post/8365/serdar-berdymuhamedov-oderzhal-pobedu-na-prezidentskih-vyborah-v-turkmenistane