02.04.22

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Ашхабадда мамлекеттик иш сапары менен жүргөн Индиянын президенти Рам Натх Ковинд менен жолугушууда, “Чабахар” жана “Түркмөнбашы” порттору ортосунда кызматташуу боюнча түз сүйлөшүүлөрдү уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу, “Turkmenistan” электрондук гезити билдирди.

Түркмөнстандын президентинин айтымында, транспорт тармагы Түркмөнстан менен Индиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыты болуп саналат жана анын келечеги чоң.

Сердар Бердымухамедов: “Түркмөнстан Перс булуңуна, Ирандын портторуна жана андан Индияга бирден-бир эң кыска жолду камсыз кылган өлкө катары бул багытка артыкчылык берет”, - деп белгилеп өттү.

Ирандын экинчи чоң деңиз порту болгон “Чабахар” “Түндүк-Түштүк” транспорт коридорунун негизги элементтеринин бири болуп эсептелет жана Индия, Иран жана Афганистан өлкөлөрү  Борбордук Азия мамлекеттери менен соода жүргүзүү үчүн дарбаза катары эсептелет. 2018-жылы “Чабахар” портунун бир бөлүгү Индиянын оперативдүү башкаруусуна өткөн.

https://turkmenportal.com/blog/45807/turkmenistan-predlagaet-indii-naladit-sotrudnichestvo-mezhdu-morskimi-portami