10.05.22

Түркиянын курулуш фирмалары Түркмөнстанда бүгүнкү күнгө чейин 49,9 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырганын шейшемби күнү “Hurriyet” гезити Түркиянын Соода министрлигинин маалыматына таянып жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, Түркмөнстанда Түркиянын курулуш фирмалары 1972-жылдан 2022-жылдын апрель айына чейин болжол менен 95,3 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырышкан.

Акыркы элүү жылда түрк фирмалары Иракта 31,6 миллиард доллар, Ливияда 29,5 миллиард доллар жана Казакстанда 27 миллиард долларга бааланган долбоорлорду ишке ашырышкан.

1972-жылдан 2022-жылдын апрелине чейин, Түркиялык куруучулар 113 өлкөдө 11,243 долбоорду ишке ашырышкан. Келишимдердин суммасы 457,6 миллиард долларды түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында, Түркиялык фирмалар чет өлкөдөн жалпы суммасы 3,75 миллиард долларга 102 долбоорду утуп алышкан. Апрель айында эле алар 673 миллион долларга бааланган  чет элдик рыноктордо 28 долбоор боюнча келишимдерге кол коюшкан.

https://business.com.tm/ru/post/8601/tureckimi-podryadchikami-v-turkmenistane-realizovano-proektov-na-summu-499-mlrd