24.05.22

Ашхабад шаарында “Түркмөнстандын улуттук мунай жана газ” (NAPECO) компаниясынын башкы директору Максат Пирлиев жана  Тажикстандын Тышкы саясат боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Фаррух Шарифзоданын ортосунда сүйлөшүүлөр болду.

Көрүшмө учурунда, тараптар соода-экономика тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын негизги темасы, мунай жана мунай продуктуларын кайра иштетүү боюнча “Түркмөнстан-Тажикстан” ишканасын түзүү болду. Тиешелүү продукцияны Тажикстанга жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө дагы көңүл бурулду.

Өткөн 2021-жылы, Түркмөнстан Тажикстанга суюлтулган газ сата баштаган боучу. 2021-жылдын аягында бул продукциянын 5 миң тоннага жакыны Тажикстанга  жеткирилген. Азыркы учурда, Тажикстан суюлтулган газды сатып алуулардын көлөмүн кеңейтүүнү пландап жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, “Түркмөнстандын улуттук мунай жана газ” (NAPECO) компаниясы   геологиялык чалгындоо жана бургулоо, мунай жана газ өндүрүү, отун-энергетика тармагында эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенет. Түркмөнстандын президентине караштуу, Көмүр суутек ресурстарын башкаруу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиги компаниянын 90% пайыз акциясына ээлик кылат.

https://centralasia.news/15384-ashgabad-i-dushanbe-obsudili-sozdanie-predprijatija-po-pererabotke-nefti.html