30.06.22

Каспий мүмкүнчүлүктөрдүн деңизи, анткени инфраструктуранын туура өнүгүшү менен ал транспорттук агымдардын бириктирүүчү түйүнү боло алат. Бул тууралуу, шаршемби күнү Ашхабад шаарында болуп өткөн “Каспий   VI”  саммитинде Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов билдирди.

Саммитке Каспий өлкөлөрүнүн лидерлери, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Ирандын президенти Эбрахим Раиси, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин катышканын Түркмөнстандын «Watan habarlary» маалымат программасы билдирди.

Кеңейтилген сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, президент Сердар Бердымухамедов: “Евразияны Чыгыш-Батыш жана Түндүк- Түштүк менен байланыштырган негизги  транспорттук жана транзиттик байланыш катары Каспийдин мүмкүнчүлүктөрү өтө кеңири деп айтсам аша чапкандык болбойт деп ойлойм. Келечекте Каспийдин мындай мааниси жогорулайт деп ишенем. Ошондуктан биздин өлкөлөр порт инфраструктурасын куруу жана модернизациялоо, Каспий аймагы аркылуу өтүүчү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык агымы үчүн ыңгайлуу, заманбап рентабелдүү мейкиндикке айландыруу үчүн туруктуу, ишенимдүү жана эффективдүү логистикалык схемаларды түзүү боюнча олуттуу иштеши керек”, - деп белгилеп өттү.

Түркмөнстандын президенти Каспий чөлкөмүндөгү кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты экономикалык тармак экенин баса белгиледи.

Сердар Бердымухамедов: “Каспийдеги кызматташтыктын шартсыз приоритети экономикалык чөйрө болуп саналат. Ал көп кырдуу, анын ичинде транспорт, логистика, коммуникациялар, энергетика, өнөр жай кооперациясы жана башка көп нерселер бар”, - деп билдирди.

Түркмөнстандын президенти Каспий боюндагы беш мамлекеттин алдында көптөгөн милдеттер турганын, ошондуктан Ашхабад Тышкы иштер министрлерине беш тараптуу күн тартибинин бардык аспектилери боюнча кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча маал-маалы менен жолугушууларды өткөрүп турууну тапшырууну сунуштап жатканын билдирди.

Каспий өлкөлөрүнүн  Түркмөнстан, Азербайжан, Иран, Казакстан жана Орусиянын мамлекет башчыларынын VI саммитинин жыйынтыгы боюнча саммиттин жыйынтыктоочу коммюникеси кабыл алынды.

https://business.com.tm/ru/post/8822/prezident-turkmenistana-prizval-sdelat-kaspiiskoe-more-logisticheskim-habom