04.07.22

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында ишемби күнү, Түркиянын “TRT Haber” телеканалына берген маегинде, “Түркия-Түркмөнстан-Азербайжан” үч тараптуу саммитин өткөрүү пландалып жаткандыгын билдирди.

Фуат Октай Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду Түркияга чакырганын белгилеп, сапардан кийин үч тараптуу “Түркия-Түркмөнстан-Азербайжан” саммитинин өткөрүлө тургандыгын  билдирди.

Түркиянын вице-президенти кошумчалагандай, Каспий деңизинде Түркмөнстан жана Азербайжанга тиешелүү “Достук”  мунай кенин  биргелешип иштетүү мүмкүндүгү бар. Анын айтымында, бул эки тарапка тең пайдалуу долбоорду ишке ашыруу аймактын тургундары үчүн өтө пайдалуу болот.

Түркмөнстан жаратылыш газын Түркияга жеткирүү

Фуат Октай маегинде, Түркмөнстан жаратылыш газын Түркияга жеткирүүнүн үч варианты иштелип жатканын жана бул багыттагы даярдык иш-чаралары аяктап жатканын билдирди.

Анын айтымында, Каспий деңизи аркылуу өтүүчү  “TANAP” газ куурун  “SWAP” келишиминин алкагында колдонуу варианттары бар.

Фуат Октай белгилегендей, Түркмөнстандын президенти тез арада жыйынтыкка жетүү үчүн күчтүү колдоо көрсөтүүдө.

Эскерте кетсек, жума күнү Түркиянын вице-президентинин Ашхабад шаарына болгон иш сапарынын алкагында, “Түркмөнстан-Түркия” өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык комиссиясынын алтынчы жыйынына катышты.

https://business.com.tm/en/post/8839/fuat-oktai-turciya-provedet-summit-s-turkmenistanom-i-azerbaidzhanom