02.09.22

Түркмөнстандын өкмөтүнүн 2-сентябрь күнү болуп өткөн жыйынында, вице-премьер-министр Батыр Атдаев президентке өлкөнүн өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин Ахал облусунун Ак Бугдай районунда, жаңы өнөр жай аймагын түзүү боюнча сунушун киргизди.

Бул аймакта импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган продукцияларды чыгаруучу ишканаларды куруу пландаштырылууда.

Өнөр жай аймагында, жогорку технологиялуу заманбап ишканаларды ишке киргизүү менен экспорттук потенциалды жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Өлкөдө импортту алмаштыруучу продукцияны өндүрүү импорттун көлөмүн азайтат. Ошол эле учурда жаңы ишканаларды ишке киргизүү 10 миңден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

Президент Сердар Бердымухамедов мамлекет тарабынан кичи жана орто бизнести колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар ишкердикти жандандыруу аркылуу экономикалык өсүштүн жогорку темптерин камсыздоого багытталганын белгилеп, вице-премьер-министрге бул багыттагы иштерди улантууну тапшырды.

https://turkmenportal.com/blog/51357/v-turkmenistane-budet-sozdana-novaya-promyshlennaya-zona