05.09.22

2022-жылы Түркмөнстан чет өлкөлөргө электр энергиясынын экспортунун көлөмүн 9 миллиард киловатт-саатка чейин жеткирүүнү пландоодо. Бул тууралуу, Мары шаарында Түркмөнстан Мамлекеттик Энергетика институтунун студенттери жана окутуучулары менен болгон жолугушуу учурунда “Халк Маслахаты Милли” партиясынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов билдирди.

Гурбангулы Бердымухамедов: “Учурда Түркмөнстандын электр энергиясы, Афганистандан тышкары Иран, Өзбекстан жана Кыргызстанга экспорттолот. Быйылкы жылы энергиянын экспортунун көлөмүн 9 миллиард киловатт-саатка чейин жеткирүү белгиленди. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 3,3 эсеге көпттүк кылат”, - деп белгилеп өттү.

Ал билдиргендей бүгүнкү күндө, Түркмөнстанда кубаттуулугу 6943,2 мегаватт болгон 12 электр станциясы бар, аларда 51 турбоагрегат орнотулган, анын ичинен 39 даанасы газ турбинасы жана 12 даанасы буу турбинасы.

Гурбангулы Бердымухамедовдун айтымында, 2018-жылдын сентябрь айында, Мары шаарында жаңы комбинацияланган электр станциясынын ишке кириши чет өлкөгө экспорттолгон электр энергиясын 3 миллиард киловатт-саатка көбөйтүүгө мүмкүндүк берген.

Улуттук парламенттин “Халк Маслахаты” партиясынын башчысы белгилегендей, Дашогуз мамлекеттик электр станциясында өндүрүлгөн ашыкча электр энергиясы Өзбекстанга экспорттолот.

Гурбангулы Бердымухамедов ошондой эле 2020-жылдын 1-февраль күнү, Мары мамлекеттик электр станциясынан Герат шаарына 220 киловольттук   электр берүү линиясынын курулушу башталганын эске салды. Бул, анын пикиринде, Афганистан аркылуу транзит менен Пакистанга жана Түштүк Азиянын башка өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоого мүмкүндүк берет.

https://centralasia.media/news:1802615