21.09.22

Шейшемби күнү Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Пакистандын Мамлекеттик мунай министри Мусадик Масуд Малик өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (ТАПИ) газ куурун куруу долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.

Бул тууралуу, Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты. Пакистандын мунай министри Түркмөнстандын президентине өз өлкөсүнүн жетекчилигинин,  президент Арифа Алвинин жана премьер-министр Мухаммед Шахбаз Шарифтин чын жүрөктөн чыккан саламын айтты. Министр ошондой эле Пакистандын Түркмөнстан менен салттуу достук мамилелерге умтулуусун дагы бир жолу ырастады.

Президент Бердымухамедов жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, Пакистандын жетекчилигине саламын жана жакшы каалоолорун айтып, мамлекеттер аралык диалогго мүнөздүү өз ара түшүнүшүү жана ишенимин жогорку деңгээлин канааттануу менен билдирди.

Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары билдиргендей, жолугушууда өлкөлөр ортосундагы отун-энергетика тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгү тууралуу сөз болду. Мындан тышкары, “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (TАПИ) трансулуттук газ куурун куруу долбоорун ишке ашырууга өзгөчө маанисин талкуулашты.

Аталган газ кууру менен дүйнөдө экинчи орунда турган Түркмөнстандын эң чоң газ кени “Галкыныштан” Индиянын Пакистан менен чек арасына жакын жайгашкан, Фазилка шаарына чейин 1800 километр аралыка созулган газ кууру аркылуу жыл сайын 33 миллиард куб метр жаратылыш газын өткөрүү күтүлүүдө.

https://business.com.tm/ru/post/9183/prezident-turkmenistana-i-ministr-nefti-pakistana-obsudili-stroitelstvo-gazoprovoda-tapi