30.09.22

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) башкы инфраструктуралык экономисти Идил Билгич-Алпаслан жума күнү, Брюсселде өткөн Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча, Европа Биримдигинин семинарында өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, Борбор Азия аймагы Кытай менен Түштүк Азияны Европа менен байланыштырган абдан ыңгайлуу географиялык аймакта жайгашкан жана Азиядагы транспорттук хаб катары чоң потенциалга ээ.

Иш-чараны Европа комиссиясы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) уюштурган.

Идил Билгич-Алпаслан өз сөзүндө, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Европа менен Борбордук Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча жүргүзгөн изилдөөсү тууралуу баяндамасында: “Казакстан менен Түркмөнстандын Каспий деңизинин жээгинде жайгашуусу бул өлкөлөргө транспорттук коридордо негизги позицияларды ээлөө үчүн чоң мүмкүндүк берет”-деп билдирди.

Ошондой эле  “Түркмөнбашы” эл аралык деңиз порту эң ири жана эң алдыңкы порт болгондуктан, аймактарды бириктирүүдө чоң роль ойной алат.

Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрү аймактагы ички транспорттук коридорлорду реформалоо боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүп жатышат. Бул жаатта “Казакстан-Түркмөнстан-Иран” темир жол коридору маанилүү роль ойноп жатканы белгиленди.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ)   шаршемби күнү жарыяланган баяндамасында, Борбор Азиянын ички дүң продуктусунун (ИДП) өсүшү болжол менен  2022-жылы орточо 4,3% пайызга жана 2023-жылы 4,9% пайызды түзөт деп белгиленет.

https://business.com.tm/ru/post/9229/ebrr-centralnaya-aziya-mozhet-stat-transportnym-habom-azii