10.10.22

Өткөн аптада, Түркмөнстанга барган Афганистан делегациясы “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (TAПИ) газ кууру долбооруна байланыштуу маанилүү маселелер боюнча макулдашууларга жетишти. Бул тууралуу, жекшемби күнү “TOLOnews” телеканалы Афганистандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыктты.

Афганистандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Шафаи Азамдын айтымында, тараптар газ куруу аркылуу, индустриалдык парктарга жана Гераттын тургундарына газ таратуу, жаратылыш газын суюлтулган газга өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы боюнча макулдашууга жетишти.

Шафаи Азам: «Биринчиден, тараптар жер алуу жана газ куурун куруу боюнча график түзүүнү макулдашты. Экинчиден, тараптар Герат шаарынын тургундарын жана индустриалдык парктарды газ менен камсыздоо тармагын түзүүнү макулдашты», - деп билдирди.

Афганистандын Экономика министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Рахман Хабиб: “TAПИ долбоору саясий чечимдерди, аймактык кызматташтыкты жана аймактык өнүгүүнү илгерилете ала турган маанилүү жана фундаменталдуу долбоорлордун бири”- деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, “Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия” (TAПИ) газ кууру, дүйнөдө запасы боюнча экинчи орунда турган  Түркмөнстандын ири газ кени болгон “Галкыныштан”  Индиянын Пакистан менен чек арасына жакын жайгашкан, Фазилка шаарына чейин 1800 километрга созулган газ кууру менен  жыл сайын 33 миллиард куб метр жаратылыш газын өткөрүп туруусу күтүлүүдө.

https://business.com.tm/ru/post/9271/turkmenistan-i-afganistan-dostigli-novyh-dogovorennostei-po-proektu-gazoprovoda-tapi