25.10.22

Түркмөнстан 2022-жылдын январь-сентябрь айларында, Кытайга газ кууру аркылуу 7,32 миллиард долларга “көгүлтүр от” экспорттогон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 51% пайызга көпттүк кылат.

Бул тууралуу, дүйшөмбү күнү Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматына шилтеме берүү менен орусиялык “ТАСС” маалымат агенттиги билдирди.

Азыркы учурда, Түркмөнстан Кытайга газ куурунун негизги экспорттоочусу бойдон калууда.

Ал эми Россия 2022-жылдын алгачкы тогуз айында 2,8 миллиард долларга газ экспорттогон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,83 эсеге көпттүк кылат. Учурда Россия Кытайдын экинчи ири  газ сатуучусу болуп саналат.

Кытайга газ кууру аркылуу “көгүлтүр от” саткан башка негизги өлкөлөргө Мьянма (980 миллион доллар), Казакстан (937 миллион доллар) жана Өзбекстан (768 миллион доллар) мамлекеттер кирет.

Август айында эле Кытай 2,3 миллиард куб метр түркмөн жаратылыш газын импорттогон болучу.

Учурда Түркмөнстан Кытайга жаратылыш газын “Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай” багыты боюнча өткөн үч газ куур аркылуу экспорттоодо. Кубаттуулугу жылына 55 миллиард куб метр газды түзөт. Кытайдын газ ипортунун негизги үлүшү Түркмөнстанга, калганы Казакстан менен Өзбекстанга туура келет.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында, Түркмөнстандан Кытайга газ куурунун төртүнчү линиясын куруу боюнча келишим түзүлгөн. Анын ишке киргизилиши, Түркмөнстанга Кытайга жыл сайын газ берүүнү 65 миллиард куб метрге чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Өткөн жылы Түркмөнстан Кытайга 34 миллиард куб метрге жакын көгүлтүр отун экспорттогон.

https://business.com.tm/ru/post/9338/ocakeylul-chin-turkmenistandan-732-milyar-tutar%C4%B1nda-do%C4%9Falgaz-ithal-etti