28.10.22

Азербайжан 2022-жылдын январь-август айларында Түркмөнстандан 495,8 миллион куб метрден ашык жаратылыш газын импорттогон. Бул тууралуу “Интерфакс-Азербайжан” агенттиги  билдирди.

Белгиленген мезгил ичинде, Түркмөнстан жаратылыш газынын Азербайжанга экспорту 60,2 миллион доллардан акча каражатын түзгөн.

2022-жылдын биринчи сегиз айында, Азербайжан жалпысынан 561,9 миллион куб метр жаратылыш газын импорттогон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,1% пайызга көпттүк кылат. Жаратылыш газынын импорту 62,8 миллион долларга бааланып, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9 эсеге өскөн.

Азербайжандын жаратылыш газынын жалпы импортунун 88,2% пайызын Түркмөнстан газы түзсө, калганы Ирандан  (2,5 миллион доллардан ашык суммага 66 миллион куб метрден) сатылып алынган.

2021-жылдын январь-июнь айларында, Азербайжан газды Ирандан гана импорттоп алып турган.

Учурда Азербайжан Түркмөнстан, Ирандын ортосунда үч тараптуу газ алмашуу келишимине ылайык түркмөн жаратылыш газын импорттоп алууда. Келишимде Иран аркылуу Азербайжанга жылына 1,5-2 миллиард куб метр түркмөн газын жеткирүү каралган.

2022-жылдын июнь айынын башында, Азербайжандын Экономика министри Микайил Жаббаров менен Ирандын Мунай министри Жавад Оуджи, Бакуда Түркмөнстан газын Азербайжанга Иран аркылуу  жеткирүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.

https://business.com.tm/ru/post/9358/ocaka%C4%9Fustos-azerbaycan-turkmenistandan-4958-milyon-metrekupten-fazla-do%C4%9Falgaz-ithal-etti