01.11.22

Түркмөнстан Каспий деңизи аркылуу, Европага газ куурун курууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу, шейшемби күнү «Интерфакс-Азербайжан» маалымат агенттиги Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын өлкөнүн мунай жана газ тармагын тейлеген орун басары Шахым Абдрахмановдун Абу-Даби шаарында өтүп жаткан «ADIPEC-2022» конференциясындагы билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.

Шахым Абдрахманов: “Транскаспий долбоору күн тартибинен алынган эмес. Бул долбоор Түркмөнстандан Азербайжан аркылуу Грузияга жана андан ары Чыгыш Европа өлкөлөрүнө чейин газ куурун курууну камтыйт”- деп билдирди.

Шахым Абдрахмановдун айтымында, Түркмөнстандын мунай эквивалентинде потенциалдык ресурсу 71,2 миллиард тоннаны түзөт, анын 53 миллиард тоннасы кургактыкта, калган 18,2 миллиард тоннасы деңизде жайгашкан. Түркмөнстанда 190 ашык нефть жана газ кендери ачылган.

Эскерте кетсек, Абу-Даби эл аралык “ADIPEC” мунай  конференциясы 31-октябрь күнү башталып 3-ноябрга чейин уланат.

https://business.com.tm/ru/post/9372/turkmenistan-nameren-na-stroitelstvo-transkaspiiskogo-gazoprovoda-v-evropu