15.11.22

2023-жылдын башына чейин, Азербайжандын  Баку портунда минералдык жер семирткичтерди кайра жүктөө үчүн терминал куруу пландалууда. Бул тууралуу “Report” маалымат агенттиги Баку Эл аралык деңиз соода портунун  жалпы жүк терминалынын жетекчиси Камран Жалилинин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазып чыктты.

Баку Эл аралык портунда курулуп жаткан жаңы жер семирткичтер терминалы жылына 3 миллион тонна жана саатына 600 тонна продукцияны кайра иштете алат.

Камран Жалилинин айтымында, портко күкүрт, карбамид, аммоний селитра жер семирткичтерин Борбор Азия өлкөлөрү Казакстан менен Түркмөнстандан ташып келүү пландалууда.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 25-июль күнү, Баку Эл аралык деңиз соода порту менен Түркиянын  “Albayrak” компаниялар тобунун ортосунда жер семирткичтер терминалын куруу боюнча макулдашууга жетишилген болучу.

https://turkmenportal.com/blog/54232/v-bakinskom-portu-v-2023-godu-vvedut-v-stroi-terminal-dlya-perevalki-udobrenii-iz-turkmenistana-i-kazahstana