19.11.22

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жума күнү Ашхабадда Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын (парламент) төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту. Бул тууралуу Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Мустафа Сентоп жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын саламын жана Түркмөнстандын башчысына бардык түркмөн элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Кесиптеши Режеп Тайып Эрдоганга жакшы каалоо-тилектерин айткан президент Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан да жыл сайын жаңы мазмунга ээ болуп жаткан өз ара пайдалуу Түркмөнстан-Түркия кызматташтыгын дагы да өнүктүрүүнү максат кылып жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле Мустафа Шентоптун Ашхабадга болгон бул жолку сапарынын алкагында, пландалган сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар эки тараптуу парламенттер аралык кызматташууга жаңы дем берерине ишеним билдирди.

Түркия Улуу улуттук жыйынынын (парламент) төрагасы өз кезегинде, эки өлкөнүн ортосундагы жемиштүү диалогду түзүүгө багытталган парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөгө мындан ары да ар тараптуу салым кошо турганын баса белгиледи.

Жолугушууда Түркия Түркмөнстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экени да белгиленди.

Көрүшмөнүн соңунда, Түркмөнстандын президенти жана Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Сентоп бекем достук байланыштарына жана тараптардын өзгөрүлбөс жакшы ниетине негизделген салттуу мамлекеттер аралык кызматташтык мындан ары да чыңдалып, өнүгө берерине ишеним билдиришти.

https://business.com.tm/ru/post/9456/prezident-turkmenistana-vstretilsya-s-glavoi-parlamenta-turcii-mustafoi-shentopom