30.11.22

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 30-ноябрь күнү, Баку шаарында, Түркмөнстандын Соода жана текстиль тармагы тейлеген вице-премьер-министри Батыр Атдаев баштаган делегация менен жолугушту.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн жогорулагандыгын белгилешип, келечекте аны мындан ары дагы кеңейтүү үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Бул тууралуу, Азербайжандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Азербайжан-Түркмөнстан эки тараптуу мамилелеринин өнүгүшүнө канааттангандыгын билдиришип, энергетика, транспорт, логистика жана өз ара сооданы өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Көрүшмө учурунда кеме куруу, кеме оңдоо жана башка тармактарда кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Сапардын алкагында, Батыр Атдаев Азербайжандын Экономика министри Микайил Жаббаров менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ушул эле күнү, Бакуда Азербайжан жана Түркмөнстандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча, биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Комиссия өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулады деп белгилеген Микайыл Жаббаров өзүнүн Twitter баракчасына.

Микайыл Жаббаров: “Биздин биргелешкен аракеттер соода, энергетика, транспорт, айыл чарба жана башка тармактарда өнөктөштүктү бекемдөөгө жардам берет деп ишенебиз”, - деп билдирди.

Учурда  Азербайжан түркмөн газын, Иран, Түркмөнстан Азербайжандын ортосунда үч тараптуу газ алмашуу келишимине ылайык сатып алууда. Келишимде Иран аркылуу Азербайжанга жылына 1,5-2 миллиард куб метр түркмөн газын жеткирүү каралган.

https://business.com.tm/ru/post/9504/turkmenistan-ile-azerbaycan-ticareti-genishletmek-ichin-ortak-projeler-uygulamay%C4%B1-hedefliyor