07.12.22

Азербайжан 2022-жылдын январь-сентябрь айларында, Түркмөнстандан 614,15 миллион куб метрден ашык жаратылыш газын импорттогон. Бул тууралуу шейшемби күнү “Интерфакс-Азербайжан” агенттиги Азербайжан өкмөтү тараткан маалыматка шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган мезгил ичинде, Азербайжанга Түркмөнстан жаратылыш газынын экспорту болжол менен 76,9 миллион долларды түздү. 2022-жылдын тогуз айында, Азербайжан жалпысынан 680,24 миллион метр кубдан ашык жаратылыш газын импорттоду, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50,5% пайызга көпттүк кылат.

Өткөн 2021-жылдын алгачкы тогуз айында болгон газдын экспорту 2022-жылга салыштырмалуу  4,6 эсеге аздык кылат. Азербайжандын жаратылыш газынын жалпы импортунун 90,3% пайызы түркмөн газы түзсө, калганы 2,5 миллион долларга бааланган  66,9 миллион кубометр газды  жакыны Ирандан сатып алган.

Учурда, Азербайжан Түркмөнстан, Ирандын ортосундагы үч тараптуу газ алмашуу келишимине ылайык, Түркмөнстан жаратылыш газын импорттоодо. Келишимде, Иран аркылуу Азербайжанга жылына 1,5-2 миллиард куб метр түркмөн газын жеткирүү каралган. 2022-жылдын июнь айынын башында, Азербайжандын Экономика министри Микайил Жаббаров менен Ирандын мунай министри Жавад Оуджи Бакуда түркмөн газын Азербайжанга Иран аркылуу экспорттоо жана анын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.

https://business.com.tm/ru/post/9537/azerbaycan-turkmenistandan-61415-milyon-metrekupun-uzerinde-do%C4%9Falgaz-ithal-etti