03.01.23

2022-жылы Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүү беш эсеге өскөн. Бул рекорддук көрсөткүч деп билдирет “Trend” маалымат булагы.

Аталган маалымат булагы, ошондой эле түркмөн газынын Азербайжан жана Түркия аркылуу Европа өлкөлөрүнө экспорттоо былтыркы 2022-жылдын күн тартибиндеги негизги темалардын бири болгону баса белгилеген.

2021-жылдын 21-январында, Ашхабадда кол коюлган Каспий деңизиндеги “Достлук” мунай кенин биргелешип чалгындоо жана иштетүү боюнча, Түркмөнстан жана Азербайжан өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун чоң мааниси бар.

2022-жылдын декабрь айында, Түркмөнстандын “Авазада” эс алуу аймагында өткөн “Азербайжан-Түркия-Түркмөнстан” саммитинин жыйынтыгы транспорттук жана транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө жана үч мамлекеттин бирдиктүү энергетикалык хабга айланышына таасирин тийгизмекчи.

https://turkmenportal.com/blog/56281/v-2022-godu-tovarooborot-mezhdu-azerbaidzhanom-i-turkmenistanom-dostig-rekordnogo-urovnya