05.04.23

Түркмөнстандын “Элдик маслахатиянын” төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу менен   4-апрель күнү жолугушту. “Turkmenistan Today” мамлекеттик маалымат агенттигинин билдиришинче жолугушууда эки мамлекеттин өкүлдөрү, Түркмөнстан жана Түркиянын ортосундагы соода жугүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү талкуулашты.

Тараптар, мурда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын сессиясында көтөрүлгөн таштандыны жок кылуу демилгесин талкуулашты. Экология жаатындагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жөнүндө жаңы макулдашууга жетишилди. Гурбангулы Бердымухамедов эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарды өнүктүрүүдө эки тараптуу диалогдордун маанилүү экендигин  белгилеп өттү.

Тараптар отун-энергетика, транспорт жана коммуникация, айыл чарба, тамак-аш жана текстиль өнөр жайы, ошондой эле жогорку технологиялар тармагында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө потенциал бар экендигин белгилешти.

Түркия менен Түркмөнстандын тамак-аш сектору жана фармацевтика тармагында да биргелешкен программалары бар. Көрүшмөдө жер-суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу өзгөчө мааниге ээ экени баса белгиленди.

https://arzuw.news/predsedatel-halk-maslahaty-turkmenistana-vstretilsja-s-predsedatelem-sojuza-palat-i-birzh-turcii