11.04.23

Өткөн 2022-жылы, Түркмөнстандын тышкы соода жүгүртүүсү 20 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Финансы жана экономика министрлигинин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен Өзбекстандын “Daryo” маалымат агенттиги маалымдады.

Түркмөнстан 2022-жылы 5,4 миллиард долларлык оң тышкы соода балансына жетишкен. Өткөн жылы, Түркмөнстандын экспорту 12,7 миллиард долларды, импорту 7,3 миллиард долларды түзгөн. Маалыматка ылайык, улуттук экспорттун дээрлик 80% пайызы энергетика тармагына туура келет.

Түркмөнстан газынын Кытайга, Россияга, Азербайжанга жана Өзбекстанга экспорту өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу 60 пайыздан ашык өскөн. Ал эми, Афганистан, Иран, Кыргызстан жана Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоо дээрлик 30 пайызга өскөн.

Түркмөнстан ошондой эле дүйнөлүк базарга мунай продуктуларын, текстиль, килем жана тамак-аш азыктарын экспорттко чыгарат.

https://business.com.tm/ru/post/10088/2022-vneshnetorgovyi-oborot-turkmenistana-sostavil-20-mlrd