20.05.23

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында, Түркмөнстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 541,05 миллион долларды түздү, бул өткөн жылдын үч айына (424,67 миллион) салыштырмалуу 27,4 пайызга көп. Бул тууралуу, жума күнү “Тренд” агенттиги Түркиянын Статистика институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык,  Түркмөнстандын Түркияга болгон экспорту 306,06 миллион долларды түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (227,4 миллион доллар) 34,6 пайызга өскөн.

2023-жылдын алгачкы үч айында, Түркмөнстан Түркиядан импортту 2022-жылдын ушул мезгилине (197,27 миллион доллар) салыштырмалуу 19,1 пайызга көбөйүп, 234,99 миллион долларга жеткен.

Түркмөнстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылы 2 миллиард 67 миллион доллардан ашкан, бул  өткөн жылга салыштырмалуу 21,9 пайызга көпттүк кылат.

https://business.com.tm/ru/post/10256/yanvar-mart-tovarooborot-mezhdu-turkmenistanom-i-turciei-prevysil-541-mln